Кыргыз телекөрсөтүүсүндөгү НТСтин орду (видео)

1245

Бүгүн Кыргыз телекөрсөтүүсүнө туура 59 жыл толду. Дал ушул күнү Кыргызстанда жергиликтүү телеберүүлөр алгачкы жолу обого чыга баштаган. Өлкө эгемендик алган күндөн тарта республикада мамлекеттик эмес каналдар эфирге чыга баштаган. Алардын катарында 2005-жылдан тарта обого чыгып келе жаткан НТС телеканалы дагы бар. Ал убактан бери канал телеберүү жаатында өз ордун таап, алдыңкы каналдардын катарына кирди. НТС 2016-жылы өлкөдө биринчилерден болуп, аналогдук телеберүүдөн санариптик форматка өткөн. Элдин тандоосу менен «№1-маалыматтык каналы» деген наамды эки ирэт алды. Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн бир бөлүгү болгон НТС телеканалынын тарыхы.