«Кыргыз темир жолу» 1,5 миллион сомго автоунаа сатып алууга ниетттенүүдө

931

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын түштүк бөлүмү 1,5 миллион сомго «Тойота Ленд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү автоунаа сатып алууга ниетттенүүдө. Бул боюнча маалыматты мекеме мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырды. Компания арыздарды кабыл алууга үч кундук убакыт берди.

Эскерте кетсек, 2011-жылы чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык, бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында мамлекеттик органдарда жооптуу кызматкерлерди тейлей турган автоунаанын баасы 750 миң сомдон ашпашы керек. Бирок «Кыргыз темир жолу» улуттук ишканасы бир жарым миллион сомго жолтандабас алууну максат кылууда.