«Кыргыз темир жолу» ишканасындагы кыңыр иштер (видео)

1297

«Кыргыз Темир жолу» ишканасындагы шектүү иштерге байланыштуу дагы бир документ келип түштү. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламенттин жыйынында билдирди. Эске салсак, Жанар Акаев буга чейин бир нече ирет Темир жолдогу күмөндүү схемалар тууралуу айтып чыккан. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан алган насыяга вагон алуу үчүн тендер өткөрүп, казак компаниясына артыкчылык берген. Бирок ал компания вагондорду кымбат баада саткандан тышкары, алар сапатсыз экени аныкталган. Андан тышкары, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги мекеменин аймагындагы жерди жеке тараптарга мыйзамсыз пайдаланууга берип салганы айтылып келген. Компания ошондой эле, Өзбекстандын «Кыргыз темир жолуна» болгон ири карызын кечип койгону тууралуу да маалыматтар бар.