«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчисине карата чара көрүлөбү? (видео)

964

«Кыргыз темир жолу» компаниясынын башкы директору Алмазбек Ногойбаевдин үгүт жүргүзгөнү үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү тиешелүү органдарга кайрылууга ниеттенүүдө. Учурда аткаминээрдин айткандары жана анын аракети боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Бирок Алмазбек Ногойбаевге карата чара көрүүгө Боршайкомдун алы жетеби, айтуу кыйын. Эскерте кетсек, кечээ күнү темир жолу ишканасынын жетекчиси кол алдындагыларды чогултуп алып, КСДПнын талапкерине добуш берүүгө үгүттөгөн. Муну Ногойбаев өзү моюнга алып, агитация иштерин жумуштан тышкары, айылдарга дагы барып жүргүзүп жатканын айткан. Адистердин айтымында, административдик ресурс колдонгондордун жазасыз калып жатканы аткаминээрлердин мыйзам бузушуна кенең жол ачууда.