«Кыргыз темир жолу» компаниясынын ишин текшертүү үчүн аудиторлор тартылат

872

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын ишин текшертүү үчүн өкмөт эл аралык аудиторлорду тартканы турат. Бул тууралуу транспорт министри Жамшитбек Калилов билдирди. Анын айтымында, көз карандысыз аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Кыргыз темир жолунун» жетекчисине баа берилет.

Бул мекемени жылда Эсептөө палатасы жана башка органдар текшерип турганы менен жыйынтык жок болууда. Мындан улам, эл аралык аудиторлорду жалдоо чечими кабыл алынган, дейт министр. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул максатта бир катар чет элдик компанияларга кайрылып, алардын кызмат акысы тууралуу маалымат сураган.

Буга чейин парламентте “Темир жолу” ишканасында мыйзам бузуулар болуп жатканы тууралуу маселе бир нече жолу көтөрүлгөн.