Кыргыз темир жолундагы жарылуудан 4 адам жабыркады (видео)

728

Бишкектеги жарылуудан төрт адам жабыркады. Алардын денеси күйүп, ооруканага жеткирилди. Баарынын абалы оор экени кабарланууда. Жаракат алгандардын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кырсык Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Кыргыз Темир Жолу» ишканасына караштуу имаратта болгон.

Маалыматка ылайык, имараттын ичиндеги буу менен жылытуу системасы жарылган. Учурда бул окуя боюнча комиссия түзүлүп, кырсыктын келип чыгуу себептерин тактап жатат.