Кыргыз тилин кыйнаган мамлекеттик мекемелер (видео)

840

Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Ошондон бери, эне тилибизге бул датанын алдында гана көңүл бурулат. Ушул майрамды утурлай эле, мамлекеттик тилди өнүктүрүү керек деген жалындуу сөздөр айтыла баштайт. Азыр өлкөнүн аймактарында кыргыз тилинин абалы дурус эле. Ал эми борбор калаада жанды кейитет.

Бир эле мисал келтирели. Тил боюнча Улуттук комиссия мамлекеттик мекемелерде иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатабы деп текшерүү жүргүзүп, абдан аянычтуу жыйынтыкты алыптыр. Бир да мамлекеттик мекемеде иш кагаздары толугу менен мамлекеттик тилде ишке ашпайт экен. Толугун кой, жада калса 50 пайызга дагы чукулдабайт. Билим берүү министрлиги өзү 34 процентке араң жеткен. Эң акыркы орунда Экономика министрлиги турат. Бул мекемеде иш кагаздарынын 6 пайызы гана мамлекеттик тилде жүргүзүлөт экен. Анан элестетип көрүңүз кыргыз тилинин абалын.