Кыргыз тилин үйрөнүүгө ашыккан чет элдиктер (видео)

2358

Кыргыз тилин мыкты өздөштүргөн америкалык мугалим. 34 жаштагы Ребекка Рамсай бир жыл ичинде эле өзгө тилде эркин сүйлөй баштаган. Учурда Кыргызстандын тарых-таржымалын үйрөнүү менен алектенип жаткан агартуучу Нарындагы Борбор Азия университетинде студенттерге сабак берет.

Бул окуу жайда кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыккан чет элдик улан-кыздардын саны өсүүдө. Университетте биринчи курстун студенттери үчүн жумасына эки жолу 1,5 саат атайын сабак берилет. Өз жумушун сүйгөн мугалимдер чет өлкөдөн келген жаштарды кыргызча сүйлөтүү үчүн бардык аракетибизди жумшап жатабыз дейт.