«Кыргыз туризм» ишканасына кандай милдеттер жүктөлөт? (видео)

649

Жаңы түзүлгөн «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасына кандай милдеттер жүктөлөт жана бул мекеме туризм тармагын өнүктүрө алабы? Учурда бул боюнча бир топ адистер өз пикирлерин билдиришүүдө. Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы мекеме бир катар долбоорлорду ишке ашырып, өлкөгө туристтерди тартууда алгылыктуу иш алып баруусу күтүлүүдө.

Айрым эксперттер болсо, жаңы түзүлгөн ишкана туризм тармагындагы көйгөйлөрдү чече алаарына ишене беришпейт. Себеби бул сектордо инфраструктуралык жана жарнамалоо маселелеринен башка дагы бир топ көйгөйлөр бар дешет алар.