Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз-казак акындарынын айтышы башталды

1049

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эки өлкөнүн акындарынын айтышы башталды. Жарыш 30-31-август күндөрү болуп өтөт. Акындардын таймашы төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө. Кыргызстан менен Казакстандын акындарынын айтышына баш-аягы 16 төкмө катышууда.

Алсак, Кыргызстандан Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Амантай Кутманалиев, Жылдызбек Төрөканов, Баян Акматов, Эламан Келдибеков жана Шайлообек Отунчиев чыгат. Ал эми Казакстандан Айнур Турсунбаева, Алтынбек Ибрагимов, Балгынбек Имаш, Биржан Байту, Жандарбек Булгаков, Мухтар Ниязов, Сырым Ауезхан, Нурлан Эсенкулов келген.

Айтыштын байге фонду 2 миллион сомду түзөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.