Кыргыз Улуттук университетинде жаңжал! (видео)

2700

Кыргыз Улуттук университетинде абал кайрадан чыңалууда. Айрым мугалимдер маалымат жыйын өткөрүп окуу жайда каражаттар максатсыз пайдаланылып жатканын айтышты. Алардын пикиринде, ректор кадр жана финансылык саясатты туура эмес жүргүзүп жатат. Канат Садыков 7 кеңешчи алып, кошумча 131 штаттык бирдик түздү, дейт профессорлор. Ал эми окуу жайдын жетекчилиги мындай дооматтарды четке кагууда. Мугалимдердин нааразычылыгы боюнча учурунда Билим берүү министрлигинин деңгээлинде комиссия түзүлүп, андан тышкары Эсептөө палатасы текшерип, бирок эч кандай мыйзам бузуу тапкан эмес. Белгилей кетсек, учурда эки тарап жалган жалаа жапкан деп бири-бирин айыптап соттошуп жатат.