Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады

1516

Жаш болсо да жамы журтка таанымал болуп калган чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал болгону 28 гана жашта эле.

Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди тайманбастан козгогон, Кыргызстандын коомчулугунун сүймөнчүгүнө айланган таланттуу иликтөөчү журналист болчу.  Ал акыркы жылдары «Азаттык» радиосунун  “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы программасы үчүн коомдо зор талкуу жараткан бир катар орчундуу иликтөөлөрдү даярдап, обого алып чыкккан.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Көк-Жар кыштагында туулган.

Ал 2013-жылы эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде журналистика адистиги боюнча бакалавриатты, ал эми 2015-жылы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. Ал  студент кезинде Түркиядагы журналистика жаатындагы бир катар сынактардын жеңүүчүсү болгон.

Уланбек Эгизбаев эмгек жолун 2012-жылы «Жаңы Агым» эркин гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштаган.

Журналисттик таланты, мээнеткечтиги, ыкчамдыгы, көп тилдерди билгендиги эске алынып, 2013-жылы Уланбек «Азаттык» үналгысынын жергиликтүү бюросуна —  “Азаттык Медиа” мекемесине жооптуу сыналгы журналисти кызматына кабыл алынган. Ошондон тартып өмүрүнүн соңуна чейин ал «Азаттык» үналгысында үзүрлүү иштеп келди.

Ал 2016-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасын алган.

2016-жылы Улан Эгизбаевдин кочкорлук майып окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк “Webby Awards” же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, Нургазы экөө Нью-Йоркко барып келишкен.

Ал эми журналисттин 25 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин атчан барып-келип иштеген карапайым мугалим Кеңешбек Шоруков тууралуу «Жол» деп аталган даректүү тасмасы эл аралык Нью-Йорк фестивалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалына татыган. Тасманын каарманы Кеңешбек Шоруковго бул тасмадан кийин «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» наамы ыйгарылган.

Уланбек Эгизбаев негизги журналисттик кесибинен тышкары, коомдогу актуалдуу маселелерге карата жарандык турумун Интернеттин коомдук тармактары аркылуу ар дайым ачык билдирип келгени менен айырмаланчу.  Ал адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка кайдыгер карап тура алчу эмес.

Анын соңку эле учурлардагы «Саясатташкан мумия», «Бажыдагы уурулук» жана «Көрүстөндөгү коррупция» сыяктуу сыналгы берүүлөрдө козгогон жемкорлукка каршы курч жана так дарекке таянган материалдары Кыргызстандагы учурда жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөшкө «Азаттык Медиа» мекемеси кошкон ири салым гана болуп калбастан, өлкөдөгү тайманбас журналисттик иликтөөнүн өрнөгү да болуп калды.

Ал талбас эмгекчилдиги, курчтугу жана калыстыгы менен башкалардан айырмаланган өзгөчө жигит болчу. Уланбек Эгизбаев өз материалдарында көтөргөн көйгөйлөрдүн бир даары оң чечилип, ал эми анын даректүү тасмаларынын каармандарынын тагдырлары дурус нукка өзгөргөн учурлар арбын.

Уланбек Эгизбаев Кыргызстандын демократиялуу жана сөз эркиндиги толук камсыз болгон жаркын жана бакыбат келечекке карай адымдоосу үчүн жан-дили менен күрөшкөн өз Атажуртунун чыныгы атуулу эле.

Кыргыздын чыгаан уулунан мезгилсиз айрылганыбызга кабыргабыз кайышып турат. Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Анын элеси баарыбыздын эсибизде түбөлүк сакталат. Анын аткарып келген ишин мындан ары ырааттуу улантуу парызын Кыргызстандагы журналист кесиптештери татыктуу аткарат деп ишенебиз.

Топурагың торко, жаткан жериң жайлуу болсун, Болот Канат Жаш Туйгун! Биз сени эч качан унутпайбыз!