Кыргызча акцент менен ант берген Өкмөт мүчөсү ким? (видео)

1023

Президент өкмөт мүчөлөрүн анттын маанисин терең түшүнүп, аны аткарууга, бекем турууга чакырды. Ал эми аны бузгандардын тагдыры жаман болоорун эскертти. Министрлер кабинети парламентте өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ант берди. Өткөн жумада Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылыктын демилгеси менен Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтүлбөй, отставкага кетирилген. Анын ордуна Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган министрлер кабинети келди. Жаңы курамдын басымдуу бөлүгүн буга чейин өкмөттө иштеп кеткендер түздү.