Кыргызча-англисче сөздүктү түзгөн Жыргалбек Ажиматов оорудан каза болду

2094

“Кыргызча-англисче заманбап сөздүгү” китебинин түзүүчүсү Жыргалбек Ажиматов 12-октябрь күнү каза болду. Ажиматов соңку бир жылдан бери боору ооруп, дарыланып жүргөн. Текшерүүлөрдөн кийин дарыгерлер боорун толугу менен алмаштыруу керектигин айтышкан. Боорду алмаштырууга 35 миң доллар керек болгондуктан, ал мындай каражат таба албай операцияга барган эмес.

Жыргалбек Ажиматов кырк миңден ашуун сөз жана сөз айкашын камтыган кыргызча-англисче сөздүктүн автору. Окуу куралы бул жаатта эң көп сөздөн түзүлгөн Кыргызстандагы алгачкы китеп. Ал буга чейин чыккан “Кыргызча-англисче фразелогизмдер сөздүгү” жана “Кыргызча-англисче идиомалар сөздүгү” окуу куралдарынын түзүүчүсү. Элүүдөй кино жана мултьфильмдерди англисчеден кыргызчага которгон.