Кыргыздардын байыркы жашоосун чагылдырган музей (видео)

3393

Байыркы жашоону элестеткен миниатюралар жана 10 жылдап чогултулган баалуу экспонаттар. Калаадагы этнокомлекстердин биринде кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын таанып биле турган өзгөчө музейдин ачылышы болду. Анда белгилүү ишкер, меценат Табылды Эгембердиевдин көзү тирүү кезинде өзү чогулткан буюмдары коюлган.

Музейден ат жабдыктары, жыгачтан, териден жасалган буюмдардан тарта туш кийиздин түрлөрү менен зер жасалгаларына чейин көрүүгө болот. Келген коноктор жаргылчакка буудай тартып, улуттук оюндардын айрым түрлөрүн ойноп кетүү үчүн интерактивдүү ыкмалар колдонулган.