Кыргыздын Роналдо, Мессилери изделүүдө (видео)

735

Болочоктогу футбол жылдыздары изделүүдө. «Лидер» коомдук фонду тарабынан өлкөнүн 7 дубанынан ондогон футболчулар тандалды. Эми аларды машыктырып, чоң спортко аралаштыруу аракети көрүлөт.

Бул долбоордун демилгечилеринин айтымында, анын максаты — таланттуу жаш футболчуларды таап, алардын ири командаларда ойноосуна мүмкүнчүлүк берүү. Учурда 45 спортчу машыгуудан өтүп жатат.

Эми иргелип отуруп, алардын 25 калып, долбоордун соңунда жергиликтүү жана чет элдик футбол клубдарына сунушталат.