Кыргызгидромет: Кыргызстанда үшүк жүрөт

939

Бүгүнтөн тарта өлкөдө үшүк жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Эртең өлкө боюнча мезгил-мезгили менен жаан жана кар жаайт. Буга байланыштуу тоолуу аймактардын жолдорунда муз тоңуп, тайгак болот. Эң суук аба ырайы Нарын областында күтүлүүдө.

Аталган аймактын тоолуу райондорунда түнкүсүн абанын температурасы -7 градуска, күндүз -5ке чейин төмөндөйт. Бийик тоолуу жерлерде минус 12ге чейин суук болушу күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдунунда да термометр -5 градусту көрсөтөт. Ал эми калган аймактарда абанын температурасы түнкүсүн (-1…-5) градуска чейин төмөндөсө, күндүз +5…9 градуска гана жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоодо мал кармоону кыйындатат. Ошондой эле, үшүктүн жүрүшү жыйналбай калган жашылча-жемиштер үчүн кооптуу.