Кыргызгидромет: Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында үшүк жүрөт

939

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы төмөндөп, үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматтарга караганда Талас, Ысык-Көл областтарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарынын тоо этектеринде температура -2ге чейин төмөндөөсү күтүлүүдө.

13-14 октябрда аба ырайы туруксуз болуп, маал-маалы менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлүүдө. Ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Мындай аба ырайы автоунаа каттамын, энергетикалык, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоодо мал багууну кыйындатат.