Кыргызстан алгачкы жолу жаңы учак сатып алды (видео)

2666

Өлкөнүн авиа паркы дагы бир учакка толукталды. Бул жолу ата-мекендик компаниялардын бири колдонулуп жүргөн самолетту эмес, «Airbus А 220-300” үлгүсүндөгү жаңы аба кемесин сатып алды. Бул учак күйүүчү майды дагы 25 пайызга чейин үнөмдөп, азот кычкылын дагы 50 пайызга чейин абага аз бөлүп чыгарат.

Заманбап үлгүдөгү учакты башкаруу үчүн экипаж менен техникалык кызматкерлер атайын Германиядан окуп келишиптир. 145 орундуктагы өтө чоң эмес бул авиалайнер май айынан тарта өлкөнүн ички жана тышкы каттамдары менен жүргүнчүлөрдү ташый баштайт.