Кыргызстан аркылуу контрабанда менен алектенген шектүүлөр кармалды

2115

2013-жылдан бери Кыргызстан аркылуу контрабанда менен алектенип келген молдовалык эки жаран кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, атайын операциянын натыйжасында колго түшүрүлгөн эки адам Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын айрым кызматкерлери менен сүйлөшүп алып «почта кызматын көрсөтүү» деген шылтоо менен Тажикстандан жана Казакстандан тиешелүү төлөмдөрсүз тамеки ташып келип турушкан. Андан соң контрабандалык товар АКШ, Канада жана Батыш Европа өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн.

Ошону менен катар алар «Кыргызстандын почта оператору» деген макамды пайдаланып, башка да товарларды Кытайдан түрдүү мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүү каналын ачып алышкан деп шектелип жатышыптыр. Алардын Бишкектеги кеңсесин тинтүү учурунда акциздик маркасы жок, жалпы баасы 6 миллион сомдук тамеки, 250 миң доллар жана 620 миң сом нак акча табылган.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү» беренеси менен катталып, шектүүлөр тергөө абагына камалды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.