Кыргызстан Азия кубогунун 1/8 финалына чыкты

841

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунда Филиппин командасын 3:1 эсебинде утуп, мелдештин 1/8 финалдык бөлүгүнө чыкты.

Үч голду тең кыргызстандык чабуулчу Виталий Люкс киргизди. Атаандаштардан Штефан Шрек өзгөчөлөндү.

Кыргызстан биринчи беттешинде Кытайга 1:2, экинчисинде Түштүк Корея командасына 0:1 эсебинде жеңишти алдырып жиберген.

Кыргызстан плей-оффтогу биринчи оюнун 21-январда Бириккен Араб Эмирлигинин курамасы менен ойнойт. Учурда 1/8 финалда ойной турган 16 команданын 12си аныкталып калды.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Анда жалпысынан 24 команда алты тайпага бөлүнүп ойноодо. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында, ар бир тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 12 команда жана үчүнчү орунду ээлеген, эң мыкты оюн көрсөткөн төрт команда 1/8 финалына чыгат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.