Кыргызстан башка өлкөнүн жарандарына виза алууну жеңилдетти

570

Кыргызстан дагы 11 өлкөнүн жарандарына виза алууну жеңилдетти. Бул мамлекеттердин тизмесине Алжир, Бангладеш, Египет, Индия, Ливан, Марокко, Непал, Пакистан, Тунис, Шри-Ланка кирди. Алар эми бир айлык мөөнөткө чейин туристтик виза ала алат.

Жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын, Кувейттин, Катардын, Бруней-Даруссалам мамлекетинин, Оман Султанатынын жана Бахрейн Королдугунун аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашоолору тийиш.

Тышкы иштер министрлиги мындай аракеттер алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген меймандардын Кыргызстанга кирүү шарттарын жеңилдетүүгө, ошондой эле инвестициялык, ишкерлик жана туризм тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында жасалып жатканын билдирүүдө. Кыргызстан Жакынкы Чыгыштын өнүккөн араб өлкөлөрүнүн резидент-жарандары үчүн жеңилдетилген виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкө болуп калды. Эми бул токтом үстүбүздөгү жылдын 11-августунда күчүнө кирет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.