Кыргызстан: биийликтеги аялдар (видео)

1658

Алдыда боло турган жергиликтүү шайлоолордо 1222 айым шаардык кеңештин депутаттыгына ат салышат. Бул жалпы көрсөткүчтүн 40 пайызын түзүп, шайлоо тарыхында мындай көрсөткүч биринчи жолу катталып отурат.

Былтыр жайында кабыл алынган документке ылайык, мындан ары жергиликтүү кеңештерде мандаттардын 30 пайызы аялдарга берилиши керек. Өз кезегинде бул өзгөрүү бир топ талдоочулардын купулуна толуп турган кези. Себеби бул коомдогу бир топ социалдык көйгөйлөрдүн тезинен чечилишин шарттайт дешет.