Кыргызстан боюнча коронавирустан 322 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды

2523

Өлкөдөгү обсервацияларда 914 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча илдеттен 322 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

«COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен 2 миң 548 адам жакын байланышта болгон (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал)», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 24-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 656га жетти. Алардын ичинен 172си медицина кызматкери. Илдеттен 322 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.