Кыргызстан эл аралык аудит жүргүзүү боюнча «РусГидро» менен сүйлөшүүдө

788

Өкмөт Жогорку Нарын каскадынын курулушуна салынган каражатка эл аралык аудит жүргүзүү боюнча «РусГидро» ишканасы менен сүйлөшүүдө. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, россиялык компания менен арбитражда соттошсок, алардын салган акчасынын чыныгы суммасын тактоо керек.

Ошондой эле, аткаминер жазында Москвада бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, “РусГидро” салган каражатты Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн келе турган кийинки компанияга төлөтүү жактары каралган.

Бирок андан жыйынтык чыкпаса керек. Анткени жакында эле россиялык инвесторлор 37 миллион долларды өндүрүү үчүн Гаага сотуна кайрылганын кабарлады. Ал эми Кыргызстан тарап курулушка мынча каражат коробогонун эсептеп, сумма 2-3 эсеге көп көрсөтүлгөнүн аныктаган.