Кыргызстан эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылууда (видео)

2444

Экономикалык мунапыстын алкагында Финансы министрлигинин алдында атайын эсеп ачылат. Анда чогулган каражаттар өлкө бюджетинин тартыштыгын жоюуга жумшалат. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Марлен Амандыков билдирди. Айтымында, учурда 2 юридикалык компания акча которуу тууралуу оюн билдирген. Мындан улам атайын эсеп ачуу пландалып жатыптыр.

Эскерте кетсек, республикалык бюджеттин тартышты 34 миллиарддан ашууда. Бул өлкө казынасынын үчтөн бир бөлүгү. Ошондой эле Кыргызстан бюджет тартыштыгын жоюу үчүн өнөктөш өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга кайрылып жардам сурап жатат.