Кыргызстан элинин Ассамблеясынын түзүлгөнүнө 25 жыл толду

1138

Бишкекте Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин иш-чарасы өттү. Ага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстандагы ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү катышты.

Президент жыйында сүйлөп жатып Кыргызстандын аймагы байыркы мезгилдерден тарта эле түрдүү этностор, маданияттар, диндер байырлаган жер болгонун айтты.

«Биздин жергебиз миң жылдар бою толеранттуу жашоонун, тил табышып бир чечимге келүүнүн, тышкы душмандарга бирге каршы туруунун мекени болуп келген. Биздин чөлкөмдө соода кербен жолдору өтүп, тилдердин, диндердин, маданияттардын карым-катнашы өнүккөн», — деди мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.