Кыргызстан эми алтын сатууда кыйналабы? (видео)

1637

Кумтөр кенинде иштеп жаткан жабдуулар үчүн маанилүү болгон тетиктер Латвия менен Нидерланддардын портунан чыгарылбай турат. Кыргыз өкмөтүнүн аны алып келүү өтүнүчүн Нью-Йорктун Түндүк округунун банкроттук боюнча соту четке какты. Эми тетиктердин жетишсиздиги кендеги ишти үзгүлтүккө учуратпайбы деген суроолор жаралууда.

Мындан тышкары, үч күн мурда Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы Кыргызстандын алтынын эл аралык баалуу металлдар рыногуна чыгарууга тыюу салды. Бул эки чечим өлкөдө алтын өндүрүүгө жана аны сатууга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?