Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктен чыкпайт (видео)

810

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктен чыкпайт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отурумунда билдирди. Анда «Таза коом-Таза доор» деп аталып, 2040-жылга чейин багытталган стратегиянын долбоору сунушталды. Отурумда стратегияда жазылган пункттарды ишке ашыруунун жолдору талкууланды. Өлкө үчүн маанилүү документте  энергетика, айыл-чарба, социалдык өнүктүрүү пландары камтылган. Ошондой эле, долбоордо көптөгөн экономикалык программаларды ишке ашыруу да каралган.