Кыргызстан футболунун тарыхындагы эң жогорку жетишкендик! (видео)

871

2019-жылдагы Азия биринчилигине тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы Мьянманын оюнчуларын 5:1 эсебинде жеңип алышты. Мелдеш кечээ күнү Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөрүлгөн. Мындай жыйынтык менен улуттук курама команда өз тайпасында 10 упай топтоп, келээрки жылы Бириккен Араб Эмиратында өткөрүлчү Азия чемпионатына жолдомо алды. Эми оюнчуларды тандап алуу этабынын акыркы беттеши күтүп жатат. Анда алар 27-март күнү Долон Өмүрзаков атындагы стадионунда биздикилер индиялык футболчулар менен кездешмекчи.