Кыргызстан грэпплинг боюнча дүйнөлүк мелдешке катышат (видео)

835

Кыргызстандык спортчулар быйыл грэпплинг боюнча дүйнө чемпиондугуна биринчи жолу расмий түрдө катышат. Казакстандын Нур-Султан шаарында өтө турган мелдеште өлкө намысын 20 улан-кыз коргой турган болду. Беттешке 10 күн калды.

Учурда ага кызуу даярдыктар жүрүүдө. Ысык-Көлдө машыгып жаткан Кыргызстандын балбандары үчүн атайын Бразилиядан машыктыруучу чакырылган. Убагында 60 мамлекеттин спортчуларын ири мелдештерге даярдаган машыктыруучунун биздин балбандар тууралуу пикири кандай?