Кыргызстан Иерусалим шаары боюнча БУУнун резолюциясын колдоду

760

Кыргызстан Иерусалим шаары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясын колдоду. Анда АКШнын Иерусалимдин макамы боюнча позициясын тааныбоо чечими жазылган. Кечээ кабыл алынган документти 128 өлкө колдоп, тогузу каршы болду. 35 мамлекет пикирлерин билдирүүдөн карманышкан. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп бул резолюцияны колдогон мамлекеттерге каржылык жардамды чектейм деп коркуткан.

Эске салсак, президент Трамп АКШнын Израилдеги элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө камынууга буйрук берип, Иерусалимди еврей мамлекетинин борбору катары таанууга убакыт жеткенин билдирген.

Бул билдирүү өз кезегинде бир топ өлкөлөр тарабынан кескин сынга алынып, Палестинада массалык нааразылыктар башталган.