Кыргызстан — Индия оюнуна билеттер сатыла баштады

175

Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча курамасынын беттешине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти. Ага ылайык, кийинки жылы өтө турган «Азия кубогуна» тандоонун акыркы таймашы 27-март күнү Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Эске салсак, кечээ Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянма менен беттеште 5:1 эсебинде жеңишке жетип, 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатында ойноо мүмкүнчүлүгүн алган. Улуттук команда Индиядан жеңилип калган учурда да жолдомо жокко чыгарылбайт.

comments powered by HyperComments