Кыргызстан каатчылыктан кача алабы? (видео)

1342

Антикризистик программа иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн республикалык штабга тажрыйбалуу экономисттер, талдоочулар, ишкерлер тартылып Кытай менен чек ара жабылгандан берки келтирилген чыгымдын ордун толтуруу, альтернативдик рынок издөө, ата мекендик ишкерлерге мамлекет тарабынан жардам берүү жолдору талкууланууда. Азырынча конкреттүү сунуштары ачыктала элек. Ишти тездетпесе, базардагы абалды кызыл кулактык кылгандар колго алып кетүү коркунучу бар. Бир эле мисал, Кыргызстандын этине кошуна өлкөлөрдөн суроо талап жогорулары менен өлкөдө мал, эт кескин кымбаттап кетти.

Айрым адистердин айтымында, Кытайдагы абалдан пайдаланып, өлкө өз мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүп, импортко болгон көз карандылыкты жоюп алууга шарт тузүлүп жатат. Бул үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдон буттан алсак, тыгынчык болоору шексиз. Албетте, Кытайдан ташылган товардын ордун толтурууга жергиликтүү ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрү аз. Бирок жолун табууга ыңгайлуу болуп турган учур.