Кыргызстан кайсы азык-түлүк продукциясын сырттан ташыйт? (видео)

1263

Кытай менен чек ара жабылгандан бери жергиликтүү ишкерлер сырьесу түгөнүп, өндүрүмдүн көлөмү азайганын айтып жатышат. Коронавирустун кесепеттерин алдын алуу, такыр мүмкүн болбосо, жок дегенде азайтуу үчүн азыр республикалык штаб иш алып барууда. Кандай антикризистик чаралар көрүлө баштаганы тууралуу конкреттүү деле маалымат жок. Бул боюнча өкмөттө күн сайын кеңешмелер өтүп жатат. Анда ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, ишкерлерди колдоо саясаты күчөтүлөөрү айтылууда.

Кытайдан жүк ташуу качан калыбына келери белгисиз. Буга өкмөт башчынын дагы жообу жок. Премьер-министрдин айтымында, чек арадагы чектөөлөр экономикага таасирин тийгизет, бирок калктын саламаттыгы үчүн ушундай чараларга барууга мажбурбуз. Азырынча сырьенун запасы жетиштүү деп убадалап жатышат. Бирок базарларда баалардын жогорулашы байкалууда. Товарларга тартыштык жок. Кыргызстан кайсы тамак-ашты сырттан ташыйт, кайсы азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздай алат?