Кыргызстан катаал үнөмдөө режимине өтүүдө (видео)

1891

Министрлер кабинети республикалык бюджеттин кайсыл тармагын сарамжалдуу колдонуп, үнөмдөй турганын аныктай баштады. Эске салсак, тиешелүү чечим өткөн ишемби күнү Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган. Ага ылайык, министрликтердин чыгымдары кыскарып, быйылкыга пландалып жаткан мектеп, бала бакчалардын курулушу да токтоп калышы ыктымал.

Себеби коронавирус илдетинин айынан акыркы 3 айдын ичинде эле өлкө бюджетине 2 миллиард сомдой түшпөй калган. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин билдирүүсүнө караганда, эң чоң жоготуу бажы тармагында катталууда. Мындан тышкары, быйыл туристтик сезон да начар болуп калышы ыктымал.