Кыргызстан Казакстандын 100 миллион доллар жардамынан баш тарттууда

981

Кыргызстан Казакстан убада берген 100 миллион доллар жардамдан расмий түрдө баш тартмай болду. Буга чейин түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча токтом даярдалып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Бул маселе боюнча экономика министри Артем Новиков баяндама жасайт.

2014-жылы 29-майда кол коюлган келишимге ылайык, Кыргызстан ЕАЭБке мүчөлүккө алынгандан кийин, Казакстан республикасы колдоо көрсөтүү максатында 100 миллион доллар бөлмөй болгон. Анын бир бөлүгү акча түрүндө, калганы жабдык, адистерди окутуу жана башка кызматтар түрүндө берилмек. Кошуна мамлекет биринчи транш менен ал сумманын 41 миллион доллары жакын арада которулаарын айтып келген.

Бирок чек арага байланыштуу акыркы окуялардан улам, жакында эле президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Казакстандын жардамынан баш тартаарын билдирген. Өлкө башчы бул акчаны башка жол менен табууга мүмкүн экенин айткан эле.