Маалыматка караганда чектөө Казакстан тараптан тиешелүү чара көрүлгөн соң алынган.
Кыргызстандын Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Казакстандан тоок этин ташып келүүгө 8-октябрда убактылуу чектөө киргизген. Буга коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш аймактарында куш тумоосу боюнча маалыматтардын чыгышы себеп болгону айтылган.
Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстан киргизген чектөөнү «мыйзамсыз» деп баалап, 12-октябрда Кыргызстандан эт азыктарын ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизген.