Кыргызстан Көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде алдыга озуп чыкты

808

Кыргызстан курамасы Көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде алдыга озуп чыкты. Биздин спортчулардын капчыгында 43 байге. Алардын 15 алтын, 15 күмүш жана 13 коло.

Экинчи орунда Россия 24 медаль менен келе жатат, алардын 11 алтын.

Казакстан буга чейин биринчи орунда болсо, эми эки баскыч төмөн түштү. Ошону менен кошуна өлкөдөн келген спортчулардын куржунунда — 32 медаль. Анын 9 алтын, 9 күмүш жана 14 коло сыйлык.