Кыргызстан көк бөрү чемпионатына эмнеге катышпайт? (видео)

2086

Өзбекстанда көк бөрү боюнча өтө турган Азия чемпионатына Кыргызстандын курама командасынын барар-барбасы азырынча белгисиз болууда. Бул мелдешке кошуна өлкөдөн расмий чакыруу келе элек.

Бирок ага чейин Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын айрым өкүлдөрү бул мелдешке катышуудан баш тартуу керек деген пикирлерин билдиришүүдө. Анткени алгачкы чемпионат көк бөрү эрежеси менен эмес, Казакстандын көкпар оюнунун шарты менен өтүшү күтүлүп жатыптыр.