“Кыргызстан” коммерциялык банкы балдардын кыялын орундатты (видео)

693

Акча топтоонун бүткүл дүйнөлүк жумасы “Кыргызстан” коммерциялык банкы менен. Бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турат. Акциянын алкагында бөбөктөр акча которуу, каражат топтоо жана аны сактоо сыяктуу банк иштери менен таанышышат. «Кыргызстан» коммерциялык банкы бул жолу «Балдарды коргоо борборунун» тарбиялануучуларына экскурсия уюштурду.

Анда ар бир бала банктын кызматкери катарында иштеп, өздөрүнө жүктөлгөн милдетти так аткарып жатышты. Эл аралык масштабда өткөрүлүп жаткан акциянын башкы максаты — жаштардын финансылык билимине жана сабаттуулугуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу.