Кыргызстан коңшуларга суу сатууну сунуштады (видео)

599

Кыргызстан Өзбекстан менен Казакстанга сууну сата башташы мүмкүн. Учурда мындай демилге жогорку деңгээлде көтөрүлүүдө. Президент бул боюнча позициясын эки жолку эл аралык иш чарада билдирди. Коңшуларга суу сатуу маселеси Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, эл өкүлдөрү өкмөткө бул жаатта иш алып барууну тапшырышты.

Окумуштуулардын айтымында, Кыргызстан сууну газ, электр энергия сыяктуу товар катары сатууга мезгил келди. Муну коңшулар дагы туура түшүнүү менен кабыл алышы керек, дейт эксперттер. Кыргызстандын сунушун Өзбекстан менен Казакстан кабыл алабы? Суунун баасы канча болот?