Кыргызстан коронавирус оорусуна каршы турууга даярбы? (видео)

1458

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында атайын үч палата даярдалды. Ошондой эле, дарыгерлер коронавирустан коргонуу үчүн атайын кийимдер менен камсыздалды. Өлкө боюнча мындай кийимдердин саны 1,5 миңге жетет экен.

Андан сырткары, дарыканалардын кампасында 3,5 миллионго жакын медициналык бет кап бар, дейт саламаттыкты сактоо министри. Кытайда оору тез жайыла баштагандыктан, өлкөдө ыкчам линия ишке киргизилди.