Кыргызстан «Коррупцияны кабылдоо индексинде» 135-орунда

761

Кыргызстан «Коррупцияны кабылдоо индексинде» 180 өлкөнүн ичинен 135-орунду ээледи. Бул тууралуу дүйнөдө жемкорлуктун денгээлин аныктаган «Трансперенси Интернешнл» уюмунун 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарган баяндамасында көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, Кыргызстандын мурдагы жылдарга караганда көрсөткүчү бир баскычка жогорулап, Россия, Парагвай, Жаңы Гвинея, Мексика, Лаос, Гондурас жана Доминика Республикасы менен бирдей катарда болуп калган. Буга өлкөдөн чоң улуттук долбоорлор ачык-айкын жүзөгө ашырылбай жатканы себеп катары көрсөтүлгөн.

Эске салсак, өлкө былтыр 136-орунда туруп, жемкорлук өрчүгөн өлкөлөрдүн катарына кошулган болчу. Ал кезде Кыргызстанда сот, укук коргоо жана саламаттыкты сактоо тармактарында коррупциянын көрсөткүчү жогорку болуп жатканы белгиленген.