Кыргызстан — Кытай: 19 маанилүү документке кол коюлду (видео)

1392

Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү ийгиликтүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирип, коңшу өлкө жана стратегиялык өнөктөш катары буга кубанычта экенин баса белгиледи.

Эки өлкө лидерлеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча баш-аягы 18 келишимге кол коюлду. Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда түз инвестициялардын биргелешкен фонду түзүлө турган болду. Президенттер дагы кандай маанилүү маселелерге токтолушту?