Кыргызстан Кытайда тарап жаткан жаңы вируска каршы аракеттерди баштады

2899

Кыргызстан Кытайда тарап жаткан белгисиз вируска каршы туруу боюнча аракеттерди баштады. Учурда «Манас» аэропортунда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери Үрүмчүдөн учуп келгендерди текшерип жатышат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча учак күн сайын каттап, аны Кытайлык авиакомпания жүргүзөт. Кытайда Жаңы жыл майрамы белгиленип жатканына байланыштуу 23-январдан тарта 1-февралга чейин каттамдар убактылуу токтойт экен.

Белгилей кетсек, соңку эки суткада Кытайда коронавирусту жуктуруп алган 139 адам катталып, 6 киши көз жумганы айтылууда. Барынан коркунучтуусу бул вирус тез ылдамдык менен жугуп жатыптыр. Учурда бул илдет АКШда да катталганы белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.