Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттой баштайт (видео)

2286

Кыргызстан 2025-жылдан тарта Кытайга электр энергиясын экспорттой баштайт. Сунуш кыргыз тарапка таандык. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев алдыда Кыргызстанды электр кубатын экспорттоочу өлкөгө айлантуу пландары бар экенин айтууда.

Бул тууралуу аткаминер Бишкекте 50 миңден ашуун керектөөчүнү тейлеген Түндүк электр тармагы ишке киргизилип жатканда билдирди. Бул Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгондон бери энергетиктердин өз күчү менен кыска мөөнөттө курулган алгачкы объектиси болуп саналат.