Кыргызстан менен Казакстан президенттери чек араны демаркациялоо макулдашуусуна кол коюшту

876

Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстандагы расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду. Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кол койгон документтердин арасында эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү, кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү макулдашуу бар.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков казакстандык кесиптешине расмий сапарга чакырганы жана жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирди:

— Биз, Нурсултан Абишевич менен чакан жана кеңейтилген форматта эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү багытында маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ортодогу бардык маселелерди өз ара түшүнүшүү, достук жана эки тарапка тең ыңгайлуу багытта чечүүнү макулдаштык. Быйылкы жыл бир тууган эки мамлекет үчүн символикалуу мааниге ээ, дипломатиялык мамилелерге 25 жыл толду. Бул өтө кыска убакыт, бирок иш жүзүндө биздин алака кылымдарга созулат. Туугандык, достук жана коңшулук боюнча көп кылымдык байланыш азыркы мамиленин бекем негизи,- деген Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ал сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын Мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү планы бар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Назарбаев эки мамлекет боордош, өнөктөш экенине, жалпы тарыхы, тили жана маданияты бардыгына токтолду.

«Сүйлөшүүдө өзгөчө көңүл эки тараптуу экономикалык мамилелерге бурулду. Сооронбай Жээнбеков менен Минск шаарындагы сүйлөшүүдөн аз убакыт өткөнүнө карабай, фитосанитардык, ветеринардык, транспорт, салык, бажы көзөмөл тармагында көп иштер жүрдү. Бардык маселелер жөнгө салынды, чек арада транспорттун тыгыны жок. Бүгүн мен чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүдө документтин ар бир пунктун сапаттуу ишке ашыруу тууралуу тапшырма бердим. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар айлантуу 19 пайызга көбөйдү, эми колдогу резервдерди активдүү колдонуп, 2020-жылы 1 миллиард долларга чейин чыгарышыбыз керек», — деди Назарбаев.

Жээнбеков Казакстанга расмий иш сапар менен 25-декабрда барган.