Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча Улуттук курамалары беттешет

825

Мьянманын Янгон шаарында боло турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 18.30да башталат. Эске салсак, улуттук курама команданын мьянмалыктар менен таймашы 5-сентябрда Бишкекте өтмөк. Бирок ошол убактагы Мьянмадагы саясий кырдаалдан улам, коомдук коопсуздукту сактоо максатында ал токтотулган болчу.

Эми бул сапар тандоо турунан өткөндөр 2019-жылы боло турган Азия кубогуна катышышат. Кыргызстан Макао, Индия жана Мьянма менен бир группага түшкөн болчу. Буга чейин биздин футболчулар Макао курама командасын 1:0 эсебинде жеңип алса, индиялыктардан 0:1 эсебинде жеңилип калышкан.