Кыргызстан менен Өзбекстан Камбар-Ата ГЭСин чогуу курат

1055

Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев менен бир катар документтерге кол койгондон кийин билдирүү жасаган учурда айтты. «Алмазбек Шаршенович бир дагы ГЭС Өзбекстандын катышуусусуз курулбайт деп айтты. Мен ага толук кошулам. Биз ар тараптан: каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз. Анткени, ал бизге керек», — деп билдирди Шавкат Мирзиёев.

Ошондой эле Өзбекстандын президенти тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун жана Ош-Анжиян-Кашгар унаа жолунун курулушун тездетүү боюнча макулдашканын кошумчалады.

Аталган ГЭСтин курулушу көп жылдардан бери кыргыз-өзбек мамилелеринде талаштуу маселе болгон. Өзбекстан ГЭСтерди куруу долбоорлору эл аралык экологиялык экспертизадан өткөрүлүшү керектигин билдирип келген.